КМУнун Экономика жана менеджмент институтунда "Тобокелдик-менеджмент" темасында конок лекция өттү
10-апрель күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Экономика жана менеджмент институтунда "Тобокелдик-менеджмент" темасында конок-лекция өттү.
Лекцияны МБанк ААК тобокелдик-менеджмент кызматынын жетекчиси Касиет Смаилова жана анын орун басары Асель Мамбеталиева өткөрдү.
Лекцияга Экономика жана менеджмент институтунун студенттери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө кызыктуу жана актуалдуу учурлар, ошондой эле студенттерге тобокелдик-менеджментинин негизги принциптерин жана инструменттерин жакшыраак түшүнүүгө жардам берген слайд-презентация көрсөтүлдү.
Конок-лекцияны ЭМИнин экономика жана менеджмент кафедрасынын башчысы Жибек Амеркулова жана экономика жана менеджмент кафедрасынын доценти Алтынбек Тойчубек уулу уюштурду.