КМУнун Эл аралык байланыштар жана инвестиция боюнча проректору Г. Жалилова Ош шаарындагы ЖОЖдорго иш сапары менен барды
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Эл аралык байланыштар жана инвестиция боюнча проректору Гүльназ Жалилова 13-14 март күндөрү Ош шаарындагы 3 жогорку окуу жайында иш сапары менен болду.
Анда, Г.Жалилова Ош технологиялык университетинин, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жана Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректорлору менен баарлашып, аталган ЖОЖдордун Эл аралык байланыштар бөлүмдөрүнүн иш-аракеттери менен таанышты.
Жолугушуу учурунда университтер аралык мобилдүүлүк, эл аралык кызматташтыкты бекемдөө, GreenMetric рейтинги боюнча университеттин туруктуулугун камсыздоо, жашыл экономика тармагында иш-аракеттерди алып баруу тууралуу сүйлөшүүлөр орун алды.
Андан сырткары, тиешелүү университеттердин Табигый илимдер жаатындагы институттар курамы менен таанышып, ар тараптуу кызматташуу боюнча талкуулар жүрдү.