КМУнун Эл аралык коммуникация жана инвестиция боюнча проректору Финляндиянын Тампере университетинин профессору менен жолугушту
Бүгүн, 27-февраль күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Эл аралык коммуникация жана инвестиция боюнча проректору Гульназ Жалилова Финляндиянын Тампере университетинин профессору Ханну Копонен менен жолугушту.
Жолугушууга профессор Пяйви Хаатайнен жана Борбордук Азиядагы Америка университетинин профессору Сагынбек Орунбаев жана КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун ага окутуучусу Мунара Абылгазиева катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөдөгү билим берүү системасы, коом менен иштөө жана кошумча билим берүү багыттары боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Жолугушуунун максаты: айлана-чөйрөнү коргоо жаатында экологиялык билимди коомго жеткирүү жана таштандыларды башкаруу тармагында долбоорлорду иштеп чыгуу.