Blog Image

КМУнун Эл аралык журналистика жана медиа коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Эльвира Сатыбекова эл аралык форумга катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Эл аралык журналистика жана медиа коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Эльвира Сатыбекова жана аталган бөлүмдүн 3-курсунун студенти Адилет Эркинбек уулу “Орусияны таанып-бил” аталышындагы эл аралык форумга катышты.

Форум Москва шаарында өтүп, медиа жана коммуникация тармагындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналган.

Иш-чаранын жүрүшүндө Эл аралык журналистика жана медиа коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Эльвира Сатыбекова доклад жасады.

Форумдун алкагында катышуучулар Орусиянын алдыңкы медиа мекемелери “Останкино” телецентри, РИА Новости агенттиги жана “Коммерсантъ” гезитинин редакциясы менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Позвонить