КМУнун эл аралык журналистика жана медиа коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Элвира Сатыбекова мастер-класс өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин эл аралык журналистика жана медиа коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Элвира Сатыбекова «Видеосюжет же репортажды кантип популярдуу кылса болот» аталышында мастер-класс өттү.
Иш-чарага Бишкек мэриясынын муниципалдык кызматтарынын басма сөз катчылары катышты.
Мастер-класстын жүрүшүндө медиаконтент менен иштөөдө колдонулуучу практикалык көндүмдөр тууралуу маалыматтар берилди.