Blog Image

КМУнун Эл аралык журналистика жана медиа коммуникациялар бөлүмүнүн студенттерине белгилүү блогер А.Ногойбаев конок-лекция өттү

19-сентябрь күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Эл аралык журналистика жана медиа коммуникациялар бөлүмүнүн студенттерине белгилүү блогер Адилет Ногойбаев конок-лекция өттү.

А.Ногойбаев студенттерди билимге умтулуп, чет тилдерди өздөштүрүп, дүйнө жүзүнө саякатка чыгууга үндөдү.

Блогердин басып өткөн жолу, учурда YouTube, Instagram, TikTok жана Facebook социалдык тармактарында активдүүлүгү миллиондогон катталуучулардын катарлары көбөйүп жаткандыгы менен бөлүшүп, жаштарга мээримдүү, өз ата мекенин сүйгөн, кесипкөй адис болууга шыктандырды.