КМУнун Эл аралык журналистика жана медиа коммуникациялар бөлүмүнүн студенттерине теле алып баруучу жана журналист А.Молдокматова конок-лекция өттү
20-сентябрь күнү Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Эл аралык журналистика жана медиа коммуникациялар бөлүмүнүн студенттерине белгилүү теле алып баруучу, дизайнер, психолог жана журналист Ассоль Молдокматова конок-лекция өттү. Ал студенттерди билимге умтулуп, ар өнөрдү өздөштүрүүгө үндөдү.
Ассоль Молдокматова басып өткөн жолу, жүргүзүп жаткан маданий жана коомдук иштери тууралуу студенттерге айтып берип, жаштарды ийкемдүү жана эмгекчил болууга чакырды.
Ассоль Молдокматова кайрымдуулук менен алектенип, таланттуу жаштарды колдоого алып, алардын чыгармачылыгынын өсүшүнө колдоо көрсөтүп келет.