Blog Image

КМУнун “Enactus KSU” командасы “Bas to bas” долбоорун презентациялады

24-май күнү И. Арабаев атындагы КМУнун “Enactus KSU” командасы КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде “Bas to bas” долбоорун презентациялап, кызматташууга сунуштоо менен кайрылып кездешүү өттү.

“Bas to bas” долбоору – жарандарга маданий, билим берүү, спорт жана ар тармактуу эс алуу тууралуу иш-чаралар чагылдырылган маалымат берүү үчүн иштелип чыккан мобилдик платформа. “Bas to bas” платформасынын негизги функцияларын, анын ичинде иш-чаралардын календарын, кабарлоо тутумун, билеттерди сатып алуу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле карталар жана социалдык тармактар менен интеграцияны камтыйт.

Долбоор аркылуу кыргызстандыктарды маданий иш-чараларга кызыгуусун арттырууну калкты маалымат менен камсыздап берет, ошондой эле чет элдик конокторду, туристтерди иш-чараларга тартуу маселеси жакшырат.

КРнын МММЖС министрлиги И. Арабаев атындагы КМУнун “Enactus KSU” командасы менен тыгыз байланышта иш алып баруу боюча ойлорун билдирди.

Эскерте кетсек, И.Арабаев атындагы Кыпгыз мамлекеттик университетинин “Enactus KSU” командасы “Bas to bas” долбоору менен “Стартап марафон-2” сынагына катышып, технологиялык инновациялар категориясы боюнча 3-орунга ээ болгон.