Blog Image

КМУнун “Enactus KSU” командасы «Эко Хакатон Enactus Кыргызстан 2024» иш-чарасына катышууда

25-28-апрель күндөрү И. Арабаев атындагы КМУнун “Enactus KSU” командасынын оюнчусу Даниэль Сыртбаев, команданын мүчөлөрү Мунара Алымбекова, Гүлзар Нарбаева, Жаркынай Орозобекова  Коомдук бирикме “Энактас Кыргызстан” “Эко Хакатон Enactus Кыргызстан 2024” иш-чарасына катышууда. Иш-чара ЮНИСЕФтин каржылык колдоосу менен Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы “Жетиген” эл аралык лагеринде өтүүдө.

Иш чаранын алкагында командалар  Кыргызстандын эң курч экологиялык көйгөйлөрүн чечүүнү эске алуу менен иштелип чыккан ишкердик стартаптарын көрсөтөт. Анын ичинен эң  келечектүү 13 долбоорго 1000 доллар өлчөмүндө каражат каралган.