Blog Image

КМУнун “Enactus KSU” командасы грантка ээ болду

И. Арабаев атындагы КМУнун “Enactus KSU” командасы инновациялык социалдык ишкердүүлүктө жана туруктуу өнүгүүгө активдүү катышып, жогорку кесипкөйлүктү жана социалдык жоопкерчиликти көрсөтүп, IDEA Борбордук Азиядан 1000 доллар өлчөмүндөгү грантка ээ болду. КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева КМУнун “Enactus KSU” командасынын ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө болгон умтулуусуна жана демилгелеринин өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүп келет.

Университеттин жетекчилиги грантты команданын өзүн өзү өнүктүрүүгө жумшоону чечип, алар үчүн Аламүдүн капчыгайында жайгашкан MOUNTAIN VIEW мейманканасында эки күндүк тренинг уюштурду. Бул иш-чара катышуучуларга жаңы көндүмдөрдү үйрөнүүгө, командалык духту бекемдөөгө жана жаңы бийиктиктерге жетүүгө болгон иш планын түзүүгө өбөлгө түздү.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Enactus KSU” командасы “Bas 2 Bas” долбоорун жакшыртууга көңүл буруп, ушул жылдын 31-май күнү өтө турган иш-чарага даярданышты. 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгын чыгарып, 2024-2025-окуу жылына карата жумуш планын түзүштү.