КМУнун «Энактас КМУ» командасы түзүлгөндүгүнүн 3 жылдыгын белгиледи
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Энактас КМУ” командасынын түзүлгөндүгүнүн 3 жылдыгы 2-ноябрь күнү “Delmar” отелинин конференц-залында өттү. “Энактас КМУ” командасынын негизги максаты – студенттер арасында инновациялык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү, илимий багыттагы ишкердик долбоорлорду иштеп чыгуу, аларга илимий изилдөө жүргүзүп ишке ашыруу болуп саналат. Бүгүнкү күндө командада 20дан ашык активдүү мүчө жана 50дөн ашык жаны фрешмен-студенттери бар.
Команданын мүчөлөрүнүн жеке демилгеси менен өзгөчө форматтагы иш-чара уюштурулуп, анда университеттин бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле башка жогорку окуу жайларынын Энактас командаларынын өкүлдөрү да катышты.
Иш-чарада 3 жыл аралыгында команда мүчөлөрүнүн жетишкендиктери баса белгиленди. Мисалы, Илимий-изилдөө иштерин талыкпай жүргүзүп, бүгүнкү күндө студенттердин РИНЦ базасына катталган үч илимий макала жарык көргөн; ү.ж. апрель айында Венгриянын Сегед университетинде өткөн III эл аралык студенттик конференцияга ийгиликтүү катышууга мүмкүнчүлүк алышкан; китеп палатасы менен кызматташтыкта студенттин автордук укугу ыйгарылган ыр жыйнагы басып чыгарылган ж.б.



