Blog Image

КМУнун “Enaktus KSU” командасы АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигине жолугушууга барды

22-май күнү И.Арабаев атындагы КМУнун “Enaktus KSU” командасынын вице-капитаны Сыртбаев Даниэль, команданын мүчөлөрү Кенжебек кызы Алина, Турсунбаева Салиха АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (ЮСАИД) каржы директору Режинальд У. Митчелл менен жолугушууга барды.

Анда студенттер ЮСАИДдин ишмердүүлүгү менен таанышып, кызыккан суроолоруна жооп алышты. Ошондой эле, ЮСАИД тарабынан аларга белектер тапшырылды. Сессия англис тилинде өттү.