Blog Image

КМУнун ЭЖжМК бөлүмүнүн башчысы Э.Сатыбекова эл аралык онлайн талкууда сөз сүйлөдү

10-март күнү Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) 10 жылдыгына арналган эл аралык онлайн талкуунун алкагында И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Эл аралык журналистика жана медиакоммуникациялар бөлүмүнүн (ЭЖжМК) башчысы Эльвира Сатыбекова "Медиа аналитикасын өнүктүрүүнүн келечеги" тууралуу баяндама жасады.

Э.Сатыбекова өзүнүн баяндамасында маалыматтарды чогултуу жана иштетүү үчүн мамлекеттик жана жеке түзүмдөрдүн ортосундагы координацияны жакшыртуу маселелерине, ошондой эле маалымат алмашуу үчүн биргелешкен платформаларды түзүү зарылдыгына өзгөчө көңүл буруу сунушун айтты.