КМУнун ЭЖжМК бөлүмүнүн башчысы Эльвира Сатыбекова "Антициклон-2025" II Эл аралык коомдук-саясий форумуна катышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин эл аралык журналистика жана медиакоммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Эльвира Сатыбекова "Антициклон-2025" II Эл аралык коомдук-саясий форумунун (Воронеж, Россия) ишине катышты.
Э.Сатыбекова "Гуманитардык чөйрөдөгү кыргыз-орус мамилелери" темасында баяндама жасады.
Иш-чарага дүйнөнүн 18 өлкөсүнөн делегаттар катышты. Эки күн бою эксперттер аймактык жана глобалдык чыр-чатактарды козутууга багытталган саясий жана маалыматтык провокацияларга каршы аракеттенүүнүн жалпы концепциясын талкуулашты. Катышуучу өлкөлөрдүн ортосундагы байланыштарды чыңдоого жана кесиптик тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулду.