КМУнун ЭЖжМК бөлүмүнүн башчысы Эльвира Сатыбекова Түркиянын тарыхый-маданий жайларына арналган эл аралык пресс-турга катышты
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин эл аралык журналистика жана медиакоммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Эльвира Сатыбекова Түркиянын тарыхый-маданий жайларына арналган эл аралык пресс-турга катышты.
Пресс-турдун алкагында Борбор Азиядан жана Россиядан келген журналисттер жана ЖОЖдордун окутуучулары Түркиянын тарыхый шаарларын, монастырларын, музейлерин кыдырып, өлкөнүн бай маданиятын жана салттарын сактоо боюнча аткарылган иштери менен таанышты.
Иш-чара Түркиянын маданий мурастарын жайылтуу, эл аралык гуманитардык алакаларды чыңдоо жана жалпыга маалымдоо каражат тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында уюштурулган.


