КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледжи Татарстан Республикасынын Арск педагогикалык колледжи менен онлайн жолугушуу өткөрдү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Гуманитардык-педагогикалык колледжи Татарстан Республикасынын Габдулла Тукай атындагы Арск педагогикалык колледжи менен онлайн жолугушуу өткөрдү.
Иш-чарага эки окуу жай ортосунда түзүлгөн маданий, илимий жана билим берүү тармагындагы кызматташтыктын негизинде уюштурулуп, ага КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледжинин директору Токтобүбү Ашымбаева, окуу бөлүмдөрүнүн башчылары жана Татарстан Республикасынын Габдулла Тукай атындагы Арск педагогикалык колледжинин директору Гульнара Гарипова катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө эки окуу жайдын ортосундагы билим берүү, илимий жана маданий алмашуу боюнча иш планы талкууланды.
Ошондой эле, эки тараптын профессордук-окутуучуларынын мобилдүүлүгүн камсыздоо, биргелешкен курстарды уюштуруу жана студенттер үчүн академиялык алмашуу программаларын ишке ашыруу боюнча сунуштар айтылды.
Бул иш-чара эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого жана студенттердин билим алуусунда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга багытталган.