Blog Image

КМУнун II курсунун студенти Касымов Т. Эразмус+ алмашуу программасы боюнча Венгриядагы Колдонмо илимдер университетинде билим алууда

И.Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун II курсунун студенти Тимур Касымов учурда Венгриянын Эгер шаарындагы Карой Эстерхази атындагы Колдонмо илимдер университетинде Эразмус+ алмашуу программасынын алкагында академиялык мобилдүүлүк боюнча билим алууда.

Белгилүү болгондой, Карой Эстерхази атындагы Колдонмо илимдер университети Венгриядагы эң мыкты 7 университеттин бири. Университет 1774-жылы негизделген. 1989-жылы анын негиздөөчүсү епископ Эстерхази Каройдун урматына аталып калган. Бул университетте 8000ден ашык студент билим алат.