Blog Image

КМУнун Илимий-инновациялык бөлүмүнүн башчысы Ү. Кармышова Туран университетинде өткөн "Plagiat. Pl" компаниясынын воркшопуна катышты

17-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Илимий-инновациялык бөлүмүнүн башчысы Үмүтбүбү Кармышова Алматы шаарындагы Туран университетинде өткөн "Plagiat.Pl" компаниясынын воркшопуна катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө жасалма интеллект мазмунун таануу, илимий жана студенттик макалаларды жазууда жасалма интеллектти колдонуу, StrikePlagiarism.com системасында жасалма интеллект бар экендиги жөнүндө жана жасалма интеллектти колдонуу боюнча маалыматтар берилди.