КМУнун илимий китепканасы өзүнүн электрондук ресурстарын жаңылады
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин илимий китепканасы өзүнүн электрондук ресурстарын жаңылады. Бул тууралуу иш-чаранын жүрүшүндө илимий китепкананын кызматкери Кутуева Б.К. маалымат берип, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана жаңыртылган ресурстарды тааныштырды. Иш-чарага КМУнун профессордук-окутуучулар курамы катышты.
Университеттин студенттери жана профессордук-окутуучулар курамы үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында китепкана электрондук ресурстарды кеңейтти жана жаңыртты. И.Арабаев атындагы КМУнун илимий китепканасы дүйнөлүк электрондук ресурстарга, анын ичинде East View жана IPR SMART сыяктуу эл аралык маалымат базаларына болгон жеткиликтүүлүктү кеңейтип, студенттерге жана окутуучуларга жаңы изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн сунуштайт.
Жаңыланган электрондук ресурстар билим алуу процессин жакшыртууга жана университеттин илимий изилдөөлөрүнүн сапатын жогорулатууга багытталган. Бул өзгөрүүлөр студенттерге жана окутуучуларга дүйнөлүк илимий базалардан маалымат алууга, изилдөөлөрүн ишке ашырууга жана билим берүү тармагында сапаттуу натыйжаларга жетишүүгө жардам берет.