Blog Image

КМУнун Искусство жана дизайн факультети Илим күнүнө карата “Глобалдашуу жана туруктуу өнүгүү” аталышында тегерек стол өткөрдү

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун искусство жана дизайн факультетинин «Текстилдик костюмдардын технологиясы жана искусствосу» кафедрасы 2-4-курстарынын студенттери менен Илим күнүнө арналган «Глобалдашуу жана туруктуу өнүгүү» аталышында тегерек стол өткөрдү.

Тегерек столдо «Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү» тема боюнча негизги докладды педагогика илимдеринин кандидаты, «Костюм жана текстиль технологиясы жана искусствосу» кафедрасынын доценти Жылдыз Сулайманова жасады.

Ошондой эле, студенттер Калпетова Айзат, Байызбекова Аэлита, Нурланова Сайкал, Чынгызова Жазайым, Төрөева Акбийке, Аманбек уулу Жакшылык, Бейшекеева Даяна, Жакшылыкова Алина, Болотбек кызы Сезим, Абарова Гүлчехрам баяндама жасап, презентация өткөрүштү.