Blog Image

КМУнун Искусство жана дизайн факультетинде предметтик жумалык башталды

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинде предметтик жумалык башталды.

Жумалыктын алкагында Искусство жана дизайн факультетинин Музыка кафедрасынын окутуучусу Жылдыз Шергазиева “Комуздун коштоосунда элдик ырларды ырдоо” аталышында лекция өттү.

Иш-чарага Искусство жана дизайн факультетинин деканы Кадыралы Артыков, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө элдик музыканын маанисин жана комуздун ойнолушунун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди.

Иш-чаранын максаты: студенттердин чыгармачылыгын өнүктүрүү жана кыргыз элдик мурасы тууралуу билимдерин кеңейтүү.