КМУнун Искусство жана дизайн факультетинде студенттеринин экзамендик иштеринин жыйынтыгы чыгарылды
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин Костюм жана текстиль технологиялары жана искусствосу кафедрасында 2024-2025-окуу жылынын II жарым жылдыгына карата күндүзгү бөлүмдүн студенттеринин экзамендик иштеринин жыйынтыгы чыгарылды.
Иш-чарага КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери катышты.
Иш-чаранын алкагында Костюм жана текстиль технологиялары жана искусствосу кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы студенттердин практикалык, лабораториялык жана курстук иштеринин аткарылыш деңгээлин, экзамендик иштердин бардык талаптарынын сакталышын, ошондой эле, студенттердин окуу учурунда калыптанган чыгармачылык мамилесин жана кесиптик чеберчилигин баалашты.
Иш-чаранын максаты: окуу жылынын жыйынтыгын чыгаруу, жетишкендиктерди жана окуу процессин мындан ары жакшыртуу багыттарын аныктоо.