КМУнун өкүлдөрү IV эл аралык форумга катышууда
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Илим жана инновациялар департаментинин башчысы, тарых илимдеринин кандидаты Назгүл Рысмендеева, Медиа борборунун жетекчиси Зарина Эсенбаева «Кең Алтай мейкиндигиндеги славян-түрк дүйнөсү: тарых жана азыркы доор» аталышындагы IV эл аралык форумга катышууда.
Алтай мамлекеттик университетинде өткөн форумга Россия, Кыргызстан, Түркия, Кытай, Казакстан жана башка 11 өлкөдөн 500гө жакын илимпоз, студент жана изилдөөчү катышып, Алтай элдеринин тарыхы, маданияты, тилдик жана этникалык баалуулуктары тууралуу талкуулашты.
Бул иш-чара эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жалпы түрк дүйнөсүнүн биримдигин бекемдөөгө багытталган.