КМУнун өкүлдөрү КУУда өткөн конференцияга катышып келишти
И. Арабаев атындагы КМУнун Журналистика бөлүмүнүн окутуучулары жана Медиа борборунун өкүлдөрү Ж. Баласагын атындагы КУУнун Журналистика жана коммуникация институту Улуттук телерадио корпорациясы менен биргеликте 2023-жылдын 7-декабрь күнү «Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн 65 жылдыгына карата» уюштурган эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып келишти. Анда Журналистика бөлүмүнүн филология илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу Улук Жапаракунов "Заманбап журналистерди даярдоодогу жаңычылдыктар жана маселелер" деген темада доклад окуду.