КМУнун өкүлдөрү Япониянын Накашибецу шаарына иш сапар менен барышты
И.Арабаев атындагы КМУнун өкүлдөрү, ректордун кеңешчиси Ётсухаши Мичинори жана Японтаануу институтунун директору Айбек Самаров, Япониянын Хоккайдо аралындагы Накашибецу шаарына иш сапар менен барышты. Бул сапардын негизги максаты – билим берүү жана жумушка орноштуруу тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле биздин студенттердин жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачуу.
Иш-сапарда КМУнун өкүлдөрү жана КРнын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Эркинбек Осоев Накашибецу шаарынын мэри Минору Нисимура менен жолугуп, кызматташтыкты өнүктүрүү жана билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу боюнча талкуу өткөрүштү. Ошондой эле жергиликтүү бизнес өкүлдөрү жана жумушка алуучулар менен жолугушуу өттү. Университетибиздин потенциалы жана студенттердин кесиптик даярдыгы тууралуу маалымат берилди.
Андан соң, "Иватани Гакуэн" мектебине жана IT колледжине барышты. "Иватани Гакуэн" IT колледжинин заманбап окуу программалары жана студенттерге IT тармагында сапаттуу билим берүү боюнча аракеттери өзгөчө көңүлдү бурду.
Иш сапарда Кыргызстандык студенттер менен жолугушуп, анда билим алуудагы жетишкендиктери жана Япониядагы жашоосу тууралуу ой бөлүштү.
Сапардын жыйынтыгында Накашибецу шаарынын жетекчилиги жана бизнес өкүлдөрү кыргызстандык студенттерди кабыл алууга жана аларга шарт түзүүгө даяр экенин билдиришти. Биздин студенттер үчүн жаңы стипендиялык программалар жана стажировкалар каралууда.
И.Арабаев атындагы КМУнун өкүлдөрү Накашибецу шаарынын мэриясына, "Иватани Гакуэн" мектебине жана Кыргызстандын Япониядагы элчилигине меймандостугу жана сапарды уюштуруудагы колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирет.