Blog Image

КМУнун кафедра башчысы Замира Джапарова мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялоо тууралуу семинар өткөрдү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун Атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасынын башчысы Замира Джапарова “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын позитивдүү тарбиялоо маселелери: методдор жана стратегиялар” аталышында семинар-тренинг өткөрдү.

Иш-чарага Чүй облусунун Панфилов районунан майыптуулугу бар балдардын ата-энелери катышты.

Семинар-тренингдин максаты: мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялоодогу эң эффективдүү методдорду жана стратегияларды үйрөнүү.

Иш-чаранын жүрүшүндө мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялоо процессинде колдонулуучу позитивдүү ыкмалар, ата-энелердин жана мугалимдердин ролу, ошондой эле, балдардын психологиялык жана эмоционалдык жактан өнүгүүсү үчүн кандай шарттарды түзүү керектиги тууралуу маалыматтар берилди.

Иш-чара КМУнун Педагогика жана психология институтунун Атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасы тарабынан уюштурулду.