КМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы Н.Догдурбек ККБФ XXVII съездине катышууда
И.Арабаев атындагы КМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы Назар Догдурбек Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясынын (ККБФ) XXVII съездине катышууда. Аталган иш-чара 5-сентябрь күнү Ысык-Көл облусунда "Чайка-Резорт" эс алуу борборунда өтүүдө.
Съезддин катышуучулары ККБФнын акыркы жылдардагы иши жөнүндө отчетту жана Федерациянын 2025-2030-жылдарга карата "Келечектин профсоюздары: курс 2030" өнүгүү стратегиясын карашат. Делегаттар ККБФнын жаңы башкаруу органдарын шайлап, Федерациянын уставын жаңыртат.
Иш-чарага Кыргызстандын профсоюздарынан 130 делегат, Эл аралык эмгек уюмунун, Жалпы профсоюздар конфедерациясынын өкүлдөрү, КМШ өлкөлөрүнүн жана башка мамлекеттердин профсоюздарынын лидерлери катышууда.