Blog Image

КМУнун командасы “Ден соолук” спартакиадасында ийгиликтүү натыйжа көрсөттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамынан түзүлгөн команда жогорку окуу жайлар арасында өткөн “Ден соолук” спартакиадасында ийгиликтүү жыйынтык көрсөттү

Иш-чаранын алкагында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен 13 курама команда катышып, 10 команда байгелүү орундарга ээ болушкан.

Спартакиаданын жыйынтыгы боюнча И.Арабаев атындагы КМУнун командалары төмөнкү орундарды камсыздашты:

- Волейбол (45 жашка чейин мырзалар) – 1-орун

- Волейбол (45 жашка чейин айымдар) – 1-орун

- Волейбол (45 жаштан жогору мырзалар) – 2-орун

- Волейбол (45 жаштан жогору айымдар) – 2-орун

- Футзал (45 жаштан жогору) – 2-орун

- Тогуз-коргоол (айымдар) – 2-орун

- Тогуз-коргоол (мырзалар) – 3-орун

- Стол тенниси (айымдар) – 3-орун

- Шахмат (айымдар) – 3-орун

- Шахмат (мырзалар) – 4-орун

Жеңишке жеткен командалар Республикалык “Ден соолук” спартакиадасына жолдомо алышты.