КМУнун Корей тили бөлүмүнүн студенти Анина Ишенбекова ЖОЖдор аралык корейтаануу сынагында 1-орунга ээ болду
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Корей тили бөлүмүнүн студенттери Борбордук Азиядагы Корея институтунун Кыргыз-корей колледжи уюштурган ЖОЖдор аралык корейтаануу боюнча 20-викторина сынагына катышты.
Анда, Корей тили бөлүмүнүн студенти Ишенбекова Анина 1-орунга жана Кидикова Аземи 4-орунга ээ болушту.