КМУнун котормо таануу багытынын студенттерине “Жасалма интеллект жана көркөм котормо” аталышында конок-лекция өттү
14-октябрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус филология факультетинин “котормо жана котормо таануу” багыты боюнча 1-курстун студенттерине “Сергей Есенин жана Владимир Маяковский” жана “Жасалма интеллект жана көркөм котормо” аталышында конок-лекция өтүлдү.
Конок-лекцияны тарых илимдеринин доктору, тарыхчы, культуролог, эл аралык көргөзмөлөрдүн жана маданий-агартуу долбоорлорунун куратору, М.В.Ломоносов атындагы ММУнун окутуучусу Анна Эспарса окуду.
Иш-чара КМУнун орус филологиясы факультети тарабынан уюштурулду.