КМУнун КСжД кафедрасынын доц.м.а. У. Закиров студенттер менен биргеликте живопись боюнча мастер-класс өткөрүштү
И.Арабаев атындагы КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын доц.м.а. Улуубек Закиров ИДФтин 3-курсунун студенттери менен биргеликте Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик адабият жана искусство музейинде сүрөт жана живопись багытында мастер-класс өткөрүштү.
Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин практикалык жөндөмдөрүн өркүндөтүү жана чыгармачылык көз карашын өнүктүрүү. Музейдин өзгөчө атмосферасы студенттердин чыгармачылыгын шыктандырып, иш процессине өзгөчө маанай кошту. Иш-чаранын соңунда катышуучуларга ыраазычылык каттар тапшырылды. Бул мастер-класс студенттер үчүн маанилүү тажрыйба болуп, алардын келечектеги чыгармачыл ишмердүүлүгүнө шыктандыруу берди.