КМУнун курам жетекчилери үчүн 3 күндүк Стратегиялык пландоо боюнча тренингдер башталды
Бүгүн, 14-август күнү, И.Арабаев атындагы КМУнун курам жетекчилери үчүн 3 күндүк Стратегиялык пландоо боюнча тренингдер башталды. Бул маанилүү иш-чарага ЖОЖдун ректору Айгүл Абдраева, проректорлор Айгүл Чалданбаева жана Бакбур Исаевдер катышууда.
Тренингдерди эксперт, тренер-консультант Зауре Сыдыкова жана эксперт, сертификатталган тренер Назира Солтонбек өтүүдө.
3 күн аралыгында окуу жайдын курам жетекчилери төмөнкү тренингдерге катышат. Алар: Стратегиялык башкаруу жана пландаштыруу; Мамлекеттик башкаруу жана саясат; Бизнести жана долбоорду башкаруу; Социалдык дизайн; Дизайн ой жүгуртүү; Адаптивдүү лидерлик. Ошондой эле, Стратегиялык башкаруу жана пландаштыруу; Эмоционалдык жана финансылык интеллект; Социалдык ишкердүүлүк жана инновациялар; Туруктуу өнүгүү.