КМУнун курам жетекчилери КРда 2026-2028-жылдарга мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын долбоорун талкуулоого катышты
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасында 2026-2028-жылдарга мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын долбоору талкууланды.
Иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева, КР Президентинин Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун, Педагогика жана психология институтунун кафедра башчылары жана КМУнун курам жетекчилери катышты.
Иш-чаранын катышуучулары КР Президентинин Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан берилген сунуштарын карап чыгып, өздөрүнүн сунуш-пикирлерин билдиришти.