Blog Image

КМУнун курама командасы “Ден-соолук - 2024” спартакиадасына катышат

25-июндан баштап 1-июлга чейин « Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийинин спорттук базаларында жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулар курамы жана кызматкерлери арасында «Ден соолук» спартакиадасы өткөрүлөт. Ага И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин курама командасы катышат. КМУнун ректору Айгүл Абдраева жана Мамлекеттик тил, спорт жана жаштар саясаты боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы катышуучуларга ийгилик каалап, жеңиш менен кайтуусуна тилектештигин билдиришти. Мелдеш спорттун 4 түрү: волейбол, футбол, тогуз коргоол, шахмат боюнча айымдар жана эркектер арасында өткөрүлмөкчү.