КМУнун курамдык бөлүмдөрүнүн студент кыздары арасында футзал боюнча блиц-турнир өттү
Бүгүн, 15-май күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Дене тарбия жана спорт институту, Кыргыз футбол союзунун аялдар футбол ассоциациясы менен биргеликте КМУнун курамдык бөлүмдөрүнүн студент кыздары арасында футзал боюнча блиц-турнир өткөрдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасындагы аялдар ассоциациясынын вице-президенти Айдана Оторбаева жана Дене тарбия жана спорт институтунун директору Каныбек Сарымсаков сөз сүйлөп, иш-чаранын маанисин белгилешти. Мелдеш Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүү боюнча 2024-2034-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулду.
Иш-чаранын негизги максаты: студент кыздар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүү аркылуу спорттук ишмердүүлүктөрүн арттыруу жана аялдардын футболго болгон кызыгуусун жогорулатуу.