Blog Image

КМУнун Кыргыз-Кытай факультетинин доцентинин милдетин аткаруучусу М.Высоцкая Сибирь башкаруу институтунда билимин жогорулатты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Кыргыз-Кытай факультетинин доцентинин м.а., философия илимдеринин кандидаты Мария Высоцкая Новосибирск шаарындагы Сибирь башкаруу институту – Россия Федерациясынын Президентинин алдындагы Эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясынын филиалына билимин жогорулатуу максатында барып келди.

Иш сапардын алкагында Эл аралык байланыштар жана гуманитардык кызматташтык кафедрасынын башчысы, доцент, философия илимдеринин доктору Оксана Береговая менен жолугуп, окутуучулар менен студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашыруу тууралуу сүйлөштү.

Ошону менен бирге, М.Высоцкая аталган окуу жайдын “Эл аралык мамилелер” адистигинин студенттерине “Этнопсихологиянын көп кырдуу табияты жана анын саясий процесстердеги ролунун өсүшү” темасында конок-лекция окуду.