Blog Image

КМУнун кызматкерлери №59 «Баластан» бала бакчасында тренинг өтүштү

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун Мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын башчысы, доцент Назгүл Абдраева, доцент Эркина Омуралиева жана ага окутуучу Эльмира Тентиева Бишкек шаарындагы №59 «Баластан» бала бакчасында тарбиячыларга методикалык колдоо көрсөтүү максатында тренинг өтүштү.

Тренингдин жүрүшүндө жаңыдан бала бакчага кабыл алынган балдардын коркуу жана кооптонуу сезимдерин жоюунун интерактивдүү ыкмалары тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле, бала бакча тарбиячылары интерактивдүү оюндар, атайын көнүгүүлөр жана башка ыкмалар аркылуу балдардын психологиялык абалын жакшыртуунун жолдорун үйрөнүштү.