КМУнун кызматкерлери “КРда жашыл жана санарип университеттеринин моделин калыптандыруу” аталышындагы тегерек столго катышты
13-декабрь күнү КР Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында өткөн “КРда жашыл жана санарип университеттеринин моделин калыптандыруу” аталышындагы тегерек столго И.Арабаев атындагы КМУнун Илим, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Эл аралык бөлүмүнүн башчысы Рахат Рай кызы катышты.
Иш-чаранын максаты: ERASMUS+ Green.kg долбоорунун алкагында КРдагы “жашыл” жана “санарип” университеттердин моделин талкуулоо, тажрыйба алмашуу жана өлкөнүн ЖОЖдоруна бул моделди киргизүү жана адаптациялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.