КМУнун кызматкерлери КРнын жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча жогорку окуу жайлардын координациялык кеңешинин жыйынына катышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаштар жана социалдык-маданий иштер бөлүмүнүн башчысы Азамат Айдаров жана Маданий-эстетикалык борбордун директору Нуриса Абазова Кыргыз Республикасынын жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча жогорку окуу жайлардын координациялык кеңешинин жыйынына катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө жаштар саясаты багытында мамлекеттик саясатты калыптандырууда КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулап жаткан “Ала-Тоо жазы” кароо-сынак фестивалына бардык жогорку окуу жайларынын жигердүү катышуусу тууралуу айтылды.
Ошону менен бирге, координациялык кеңештин күн тартибинде “Ала-Тоо жазы” жаштар кароо-сынак фестивалынын өтүүсү, ыктыярчылыкты өнүктүрүү, жаштар кыймылынын өкүлчүлүктөрүн ачуу сыяктуу бир нече маселелер талкууланды.