КМУнун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан сыйланды
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата билим берүү тармагындагы көп жылдык эмгек жолу, окуу жайда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн И. Арабаев атындагы КМУнун төмөнкү кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан сыйланды.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгиси:
1. Кыдыкбаева К.С. – Окуу башкармалыгынын билим берүү программаларынын сапаты жана аккредитациялоо боюнча секторунун башчысы;
2. Жумаева Г.З. – Мамлекеттик тил жана маданият институтунун кыргыз адабияты жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын доценти;
3. Масалиева Н.У. - Мамлекеттик тил жана маданият институтунун улук окутуучусу
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамотасы:
1. Абдрахманова Б.С. - Табигый илимдер жана туризм институтунун профессор М.М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын доценти, университеттин ардактуу профессору;
2. Торогельдиева К.М. – Физика-математика факультетинин математика жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин доктору.
Урматтуу кесиптештер, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон татыктуу ишмердүүлүгүңүздөрдүн негизинде берилген сыйлыгыңыздар кут болсун!