КМУнун кызматкерлери “Лейлек килеми” аталышындагы иш-чарага катышты
Бүгүн, 3-октябрь күнү, И.Арабаев атындагы КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев жана Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы КРнын Улуттук тарых музейинде өткөн “Лейлек килеми” аталышындагы иш-чарага катышты. Бул иш-чара КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Камила Талиеванын демилгеси менен уюштурулуп, анда Лейлек аймагынын байыркы килем токуучулук салттары жана лейлек килеминин ар түрдүү түрлөрү көрсөтүлдү. Иш-чарада килемдердин кыргыз элинин турмушундагы орду тууралуу кызыктуу пикирлер айтылып, алардын маданий мурасты сактоо жана кийинки муундарга өткөрүп берүү зарылдыгы баса белгиленди. Иш-чаранын максаты улуттук маданиятты жайылтуу жана кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү болуп саналат.