Blog Image

КМУнун кызматкерлери PhD доктор Альфред Юта мырзаны тосуп алуу иш-чарасына катышты

Бүгүн, 11-сентябрь күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Илим, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева жана Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Рай кызы Рахат АКШ элчилигинде өткөн PhD доктор, англис тилинин адиси (English Language Fellow, ELF) Альфред Юта мырзаны тосуп алуу иш-чарасына катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маселелер талкууланды. Иш-чаранын жыйынтыгында, PhD доктор, англис тилинин адиси Альфред Юта мырза жогорку окуу жайларынын өкүлдөрүнө ийгиликтерди каалады.