Blog Image

КМУнун кызматкерлери Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында өткөн мониторингге катышты

Бүгүн, 10-октябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Рахат Рай кызы жана Табигый илимдер жана туризм институтунун География жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын башчысы Дамира Солпуева Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында институттар аралык Эрасмус+ долбоорунун алкагында өткөн мониторингге катышты. Алар Жашыл университет долбоорунун жүрүшү боюнча кеңири маалымат беришти.

Мониторингдин негизги максаты – учурдагы Эрасмус+ долбоорунун ишке ашырылышын баалоо жана билим берүүдө келечектеги пландарды талкуулоо болду. Иш-чара академиялык чөйрөдөгү кызматташтыкты бекемдеп, эл аралык билим берүү долбоорлорунун ийгиликтүү ишке ашырылышына чоң өбөлгө түзүүдө.