КМУнун кызматкерлери Ысык-Көл облусунда өткөн кыргыз-орус жарманкесине катышууда
Бүгүн, 19-август күнү, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Педагогика жана психология институтунун директору Гүлзат Казиева, Орус филологиясы факультетинин деканы Назгүл Сегизбаева, Педагогика кафедрасынын башчысы Миргүл Эсенгулова, Атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасынын башчысы Замира Джапарова жана Мектепке чейинки билим берүүнүн технологиясы кафедрасынын башчысы Назгүл Абдраева Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылындагы “Дельфин” пансионатында билим берүү тармагындагы инновациялык жетишкендиктер боюнча өткөн кыргыз-орус жарманкесине катышууда. Иш-чаранын негизги максаты билим берүү жана илим тармагында алдыңкы идеялар, технологиялар жана методикалар менен алмашуу үчүн натыйжалуу платформаны түзүү болуп саналат. Жарманкеге Россиянын Билим берүү министрлигинин, Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин жетекчилери, ошондой эле, Россиянын билим берүү жана илимий уюмдарынын 150дөн ашуун өкүлү катышууда.
Иш-чаранын негизги темалары санариптештирүү, виртуалдык реалдуулук жана жасалма интеллект аркылуу педагогдорду окутуу жана кайра даярдоо болуп саналат. Жарманке Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын 100 жылдыгын майрамдоонун алкагында уюштурулуп, билим берүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.