КМУнун кызматкерлери “Жылдын мыкты тарбиячысы” сынагына калыстык кылды
Бүгүн, 4-октябрь күнү, Бишкек шаарындагы №182 бала бакчасында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өткөн “Жылдын мыкты тарбиячысы” сынагына И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын башчысы Н. Абдраева, доцент А. Муратова жана ага окутуучу Э. Тентиева калыстар тобунун мүчөсү болушту.
Сынакка республика боюнча 28 тарбиячы катышып, алар кесиптик ишинин тажрыйбасын баяндаган видеопрезентацияларын сунушташты. Сынактын негизги максаты – башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү уюмдарынын мамлекеттик жана муниципалдык жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүү. Ошондой эле, билим берүү процессинин сапатын жакшыртууга багытталган кадр саясатын ишке ашыруу үчүн алдыңкы педагогикалык идеяларды жайылтуу, заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын колдонгон натыйжалуу практикага ээ, таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо болуп саналат.