Blog Image

КМУнун магистранттары Медиа коммуникациялар окуу борборунда өткөн “Жаңы муун” тренингине катышты

И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун  журналистика бөлүмүнүн  магистранттары Медиа коммуникациялар окуу борборунда өткөн “Жаңы муун” тренингине катышты. Тренигдин алкагында студенттер жеке өсүү, 2024-жылдын негизги куралдары жана тенденциялары, чечендик өнөр жана сүйлөө ыкмалары боюнча маалымат алышты. Бир жумага созулган тренингдин жыйынтыгында сертификаттар тапшырылды.