КМУнун магистранттары Улуттук тарых музейине практикага барышты
27-февраль күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим беруу институтунун магистранттары Улуттук тарых музейине практикага барышты. Магистранттарды тарых илимдеринин доктору, профессор Сынару Алымкулова алып барды. Алар музейдин экспонаттары менен таанышып, музей ишин уюштуруу, экспонаттарды сактоо жана башка кызыккан суроолорго жооп алышты.