КМУнун Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Ж. Садыкбек кызы Студенттик кеңеши менен жолугушту
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы Студенттик кеңеши менен жолугушту.
Иш-чарага КМУнун Жаштар жана социалдык-маданий иштер бөлүмүнүн адистери жана Студенттик кеңештин студенттери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттик кеңештин иш багыттары, алардын студенттер арасында жүргүзүп жаткан иштери, башка түзүмдөр менен болгон кызматташтыгы тууралуу сөз болуп, студенттердин активдүүлүгүн жогорулатуу, лидерлик сапаттарын өнүктүрүү жана маданий-массалык ишмердүүлүктү өркүндөтүү маселелери талкууланды.