КМУнун Манас таануу кафедрасынын башчысы Талантбек Рысбаев И. Арабаевдин 140 жылдык юбилейлик медалы менен сыйланды
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Манас таануу кафедрасынын башчысы Талантбек Рысбаевге университеттеги Манас таануу сабагынын жогорку деңгээлде окутулушуна көргөн аракеттери жана алгылыктуу иштери үчүн, И. Арабаевдин 140 жылдык юбилейлик медалын тапшырды.
Университеттин профессордук-окутуучулар курамы Талантбек Казыбаевичти бул сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктап, бекем ден соолук жана албан-албан ийгиликтерди каалайт!