КМУнун Манас таануу кафедрасынын доценти Ч.Хидирова “III Тыныстанов окуулары: Санарип доорундагы лингводидактикалык изилдөөлөр” эл аралык конференциясында баяндама жасады
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Манас таануу кафедрасынын доценти Чолпонай Хидирова К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде өткөн профессор Жолдош Жусаевдин 90 жылдыгына арналган “III Тыныстанов окуулары: Санарип доорундагы лингводидактикалык изилдөөлөр” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.
Конференциянын жүрүшүндө Ч. Хидирова “Азыркы кыргыз тилиндеги синтаксистик түрмөктөр аркылуу татаалдашкан жөнөкөй сүйлөмдөр” аталышында баяндамасында кыргыз тилин изилдөө жаатындагы маанилүү маалыматтар менен бөлүштү.
Конференциянын алкагында, доцент Ч.Хидирова студенттер үчүн “Кыргыз тилиндеги сөз айкаштарынын түрлөрү жана типтери” аталышында конок-лекция өттү.